Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, бүгүн, Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантып, эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.
16-майда, Сооронбай Жээнбеков иш сапардын алкагында, Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорттук комплекске барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.
17-майда Мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат. Шаардын тургундары менен жолугушуп, Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоору жана “Акылдуу шаар” долбоору менен таанышат.