Караколдо шаардын 150 жылдык мааракесине карата ишке берилүүчү «Алга» спорт комплекси быйыл жаңыдан курулат. Бул маалыматты вице-мэр Сеит Өскөнбаев билдирди.
Курулушка Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 7 млн 716 миң сом бөлгөндүгү айтылды.
Спорт комплексте шахмат, тогуз коргоол, волейбол, баскетбол өңдүү спорттун түрлөрү менен машыгышат. Буга чейин спортчулар «Алга» спорт комплекси авариялык абалда экенин айтышып, шаардык кеңештен түзүлгөн комиссия аны текшерип чыккан болчу.