Суббота, 27 апреля

“Түрк даамы” теледолбоору башталды (Фото)

0

21-майдан 27-майга чейин Түркияда жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө “Түрк Ашканасы жумалыгы” өтүүдө. Бул жумалыктын алкагында түрк ашканасын таанытуу боюнча көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Бишкекте Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм кеңешчилиги жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен 7-канал телерадиокомпаниясында “Түрк даамы” ТВ долбоорунун ашкана студиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага өнөктөш катары Түркия Элчилигинин Маданият жана туризм кеңешчиси Алпарслан Акынжы, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Осман Уста, 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев жана башка коноктор катышты. Ашкананы ачып жатып Осман Уста бул долбоор кыргыз-түрк боордош элдерди маданият, каада салт жана тамак аш жагынан да бириктирерин айтып, көрүүчүлөргө мыкты түрк тамактарын тартуулаган алдыңкы көрсөтүүлөрдөн болот деген ишенимин билдирди. Ал эми 7-каналдын башкы директору Ильязбек Балташев долбоорду керектүү ашкана техникалары менен жабдууга жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, берекелүү ашкана болсун деген тилегин айтты. Ошентип, келген коноктор ашкананын жип менен байланган боосун чечишип, алгачкы тамак жасоого старт беришти.

“Түрк даамы” телекөрсөтүүсү эми мындан ары жумасына 3 жолу 7-каналдын эфиринен чагылдырылып, анда түрк элинин улуттук тамак аштары белгилүү жана кызыктуу коноктор менен бирге көрүүчүлөргө тартууланып турат. Долбоор кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында, эки элдин улуттук тамак аштарын кеңири таанытуу максатында ишке ашып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз