Пятница, 26 апреля

Балдардын майрамына карата уюштурулчу иш-чаралардын программасы белгилүү болду

0

Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар «Ала-Тоо» борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.

Майрамдык иш-чаралар 31-майда башталмакчы: саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Наристе» фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Кеңири масштабдагы иш-чарага Россия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.

1-июнда саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт.

Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго «Наристе» фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын «Эне-балага тирек» коомдук фонду уюштурууда.

Калаанын райондорунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз