Суббота, 27 апреля

АКШда мээге чип койуу долбооруна уруксат берилди

0

Америкалык ишкер  Илон Маскка таандык Neuralink компаниясы мээ чипи долбоорун адамдарда сыноону баштоо үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) уруксат алганын жарыялады.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Neuralinkтин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө, мээ чипи долбоорунун FDA тарабынан бекитилиши «бир күнү көптөгөн адамдарга жардам бере турган маанилүү кадам» деп мүнөздөлдү.

Билдирүүдө, Neuralink командасынын FDA менен тыгыз кызматташтыгы менен жактырылганы жана эксперименталдык баскычка арыз үчүн керектүү маалымат берилери айтылды.

Сөз болуп жаткан долбоор менен Neuralink компаниясы мээге орнотула турган микрочиптер аркылуу шал жана сокурдук сыяктуу неврологиялык ооруларды дарылоону жана майыптардын жашоо сапатын жакшыртууну максат кылууда.

Мурда маймылдарда сыналган чиптердин мээдеги сигналдарды ийгиликтүү чечмелеп, аппараттарга өткөрүп бергени белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз