Пятница, 19 апреля

Англияда иштөөгө 1000 жумушчу алынат

0

Улуу Британияда иштөө үчүн Кыргызстанга дагы 1000 квота берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, 26-майда тиешелүү макулдашууга Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын Өкмөтү ыйгарым укук берген Etero операторунун ортосунда кол коюлду. Кол коюу онлайн форматында болуп өттү.

Түзүлгөн макулдашуунун алкагында 18-46 жаштагы Кыргызстандын  жарандары Улуу Британиянын Айыл чарба тармагында 6 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Талаптардын катарына жаш курагынан тышкары орус тилин билүү, физикалык жана психологиялык ден-соолугу чың болуусу кирет.

Эмгек акы жумуш саатына 10 фунт стерлинг өлчөмүндө белгиленет. Ошол эле учурда кыргызстандыктар визаны (259 фунт стерлинг), авиабилеттерди (баасы өзгөрүп турат) төлөшү керек, жатакананын жана алгачкы 2 жумадагы тамак-аштын акысын кызматкер көтөрөт. Жалпы чыгым 100 000 сомго чейин болушу мүмкүн.

Министрлик учурда жарандарды уюшкан түрдө Кореяга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Улуу Британияга ишке орношуп жатканын, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча бир катар келишимдер иштелип жатканын кабарлайт.

Улуу Британияга тандоо тууралуу маалымат Жарандарды чет өлкөдөгө ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайтында жайгаштырылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз