Воскресенье, 24 ноября

Рональдо мусулмандардын көңүлүн алды

0

Португалиялык футбол жылдызы Криштиано Рональдо дагы бир жолу көңүлгө толду.

Италиянын Ювентус командасынын португалиялык футбол жылдызы Рональдо рамазан айында палестиналыктарды унутпады. Рональдонун рамазан айында палестиналыктарга ифтарлык берилүүсү үчүн кайрымдуулук жасагандыгы белгилүү болду. Рональдо ифтарлык үчүн 1,5 миллион евро бөлдү.

Рональдонун Палестинага өзгөчө көңүлү

2012-жылы Рональдо алтын топ сыйлыгынын ачык аукциондо сатылуусуна уруксат берип, андан тапкан 1,5 миллион евролук кирешенин палестиналык балдарга берилүүсүн камсыз кылган.

Ошондой эле футбол жылдызы Рональдо 2013-жылы Израильде ойнонгон оюнда каршы командадагы оюнчуга өз формасын берген эмес.

Палестинанын батышында жөөттөр тарабынан үйү өрттөлүп, 18 айлык бир тууганы жана ата-энесинен айрылган 5 жаштагы Ахмет оор жаракат алган болчу. Рональдо кийин Ахмет менен Испанияда жолуккан. Рональдо Израильдин бомбалоосунун натыйжасында ата-энесинен айрылган палестиналык Хайдар Мустафа менен да жоолугушкан.

Мурда да рамазан майрамынын урматына палестиналык балдарга жардам колун узаткан футбол жылдызы 2 миллион доллар кайрымдуулук жасаган. Рональдо Непалдагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандарды да унуткан эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз