Воскресенье, 24 ноября

Оштун базары көчүрүлөт

0

Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында белгилүү болгондой Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев өз билдирүүсүндө борбордук базарды көчүрүүгө 45 гектар жерди бөлүп берүү каралып жатканын жана ошондой эле Курманжан Датка көчөсү менен Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Гүл базардын дагы алынышы мүмкүн экендигин айтты.

Мэр Таалайбек Сарыбашев: «Гүл базар алынышы мүмкүн. Анткени гүл алганы келгендер ал жерде унаа тыгынын жаратып жатышат. Ошондой эле борбордук базарды шаардын четине жылдыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Жапалак айылындагы 45 гектар жер каралууда, бирок ал жер трансформация боло элек. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилет», — деп кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз