Воскресенье, 24 ноября

ЕККУ: “Ачык өкмөт” жетекчилигин өзүңөр чечкиле

0

ЕККУнун көмөгү менен ачылган “Ачык өкмөт” долбоорунун башчысы Иманкадыр Рысалиевди кызматынан чакырып алууну өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев 18-майда ЕККУга сунуштаган. Буга Рысалиевди “КТ мобайл” компаниясынын айланасыда түзүлгөн жанжал себеп болгон. ЕККУ өз кезегинде Рысалиев жетекчилик кылып турган мезгилдеги “Ачык өкмөт” долбоордун ишин оң баалап, кыска убакыттын ичинде  Улуттук форум чакырылып, алдыдагы иш-чаралардын комплекстүү планын түзүлгөнүн белгилеген.

ЕККУ эми “Ачык өкмөт” долбоорунун жаңы жетекчисин Улуттук форум шайлап алууга тийиш, ал шайлоого ЕККУнун эч кандай тиешеси болбойт, анткени бул Кыргызстандын өз иши деп эсептейт.

“Ачык өкмөт” долбоору өкмөттүн калк менен иштетүүсүн арттыруу, өкмөт ишинде ачыктыкты жана натыйжалуулукту көбөйтүүнү көздөйт.

“КТ мобайл” жанжалынан кийин Рысалиев кызматтан бошотуу арызын жазган. Учурда бул жаңжалды Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы иликтөөдө.

“КТ мобайл” жаңжалынын чыгуусу менен Иманкадыр Рысалиев өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы экени көпчүлүккө шардана болду. Ал кызмат абалын жана өкмөт башчы менен байланышын пайдаланып, өз уулун “КТ мобайл” компаниясынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындаган деп айыпталууда. Ошондой эле Рысалиев “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркутканы кабарланган. “КТ мобайл” компаниясы “Мегакомдун” өнөктөшү катары иштей турган болуп жаткан.

Орусия орус тилин окутууга жардам берүүгө даяр

Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жекшемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушууда, Россия Кыргызстанда орус тил жана адабиятын окутуу боюнча долбоорлорду активдештирүүгө даяр экенин билдирген. “Кыргызстанда орус тили расмий тил. Буга байланыштуу биз гуманитардык жана билим берүү долбоорлорун активдештирүүгө жана аткарууга даярбыз” деген Володин.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Россия аймагында 663 миң кыргыз эмгек мигранты иштеп жатканын, алардын орус тилин мыкты билүүсү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин белгилеген.

Россия орус тил жана адабияты боюнча китептерди чыгаруу жана мугалимдерди даярдоодо көмөктү көбөйтүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бүгүнкү күнгө карай Россиянын жогорку окуу жайларында 16 миңге жакын кыргыз жарандары билим алууда. Алардын 6.6 миңи бюджеттик негизде билим алат.

Кыргыз жана орус парламент жетекчилери ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жыйыны алдында Москвада жолугушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз