Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жекшемби күнү “Долмобахча” сарайында жаштар менен жолугушуусунда Россиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алууда артка кайтуу жок экенин белгиледи. Түрк лидери учурда Россия менен биргеликте С-500 системасын биргелешип чыгаруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги кабарлады.
Кошмо Штаттар Түркиянын Россиядан С-400 системасын сатып алуусуна кескин каршы чыгып, аны токтотууну талап кылууда. Эгерде токтотулбаса Түркияга Ф-35 стелс аскерий учактары сатылбасын жана санкциялар киргизилерин эскертүүдө.
Түркия АКШ баштаган НАТОнун мүчөсү. Кошмо Штаттар С-400 абадан коргонуу системасы Ф-35 учагы менен жанаша иштесе, аскерий учактын жашыруун сырларын билинип калат, андан Россия пайдаланат деп шекшүүдө. Түркия андай чочулоого негиз жок деп, убагында АКШ жана батыш өнөктөштөр Түркияга заманбап абадан коргонуу системаларын сатпай койгондуктан, С-400дү сатып алуу боюнча Россия менен контракт түзгөнүн жана андан баш тартпай турганын билдирүүдө.
Келишим боюнча ушул жылдын июнь, июль айларында С-400 системасы Түркияга бериле башташ керек.