Жогорку Кеңеш өзүнүн регламентине эл өкүлүнө башкы прокурор тарабынан кылмыш иши парламенттин макулдугу менен гана козголушу мүмкүн деген жобону киргизип, Конституцияда белгиленген укуктук иммунитетинин чектерин кеңейтип алган. Бул туурасында Конституциялык соттун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ айрым депутаттар Конституциялык сот «депутаттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот» деген бүтүм чыгарганын айтып, бул алардын кол тийбестигине доо кетирерин белгилешкен.
«Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгүнүн маңызы депутаттын укуктук иммунитети кылмыш ишин козгоо стадиясынан эмес, ага кылмыш жасагандыгы тууралуу айыпты угузуу менен башталат. Ушул гана учурдан тартып депутатка таасир этүүчү чаралар (кармоо, камоо) колдонулушу мүмкүн. Дал ошондуктан белгиленген конституциялык ченемди жаңы мазмун менен толтурууга жана анын колдонуу чектерин кеңейтүүгө болбойт. Депутаттык кол тийбестик абсолюттук мүнөзгө ээ болушу мүмкүн эмес», — деп жазылат маалыматта.
Аталган орган ар бир кылмыштын териштирилиши ар кандай кылмыштардын алдын алуучу норма экенин белгиледи. Ошондой эле кылмыш ишин козгоо аркылуу укук коргоо органдарынын чара көрүү боюнча механизми гана ишке киргизилерин, бул ЖК депутаты түздөн-түз жазык жоопкерчилигине тартылат дегенди билдирбей турганын эскертти.
«Укуктук иммунитет кимге берилбесин кылмыш ишин өз убагында козгоого жана кылмыштарды ачуу боюнча механизмдин туура иштешине тоскоол болбоого тийиш. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана депутатка карата кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүн белгилеген парламенттин регламентинин ченеми кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт. Ал жеке артыкчылыкка жана жазасыз калууга өбөлгө түзөт. Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принциптин чегинен чыгып кеткен», — деп билдирди Конституциялык сот.