Украинанын шайланган президенти Владимир Зеленский бүгүн, 20-майда Киевде кызматка киришүү алдында ант берүү аземин өткөрөт. Ал президенттик шайлоонун экинчи турунда азыркы президент Петр Порошенкону жеңип алган эле.
Зеленскийдин ант берүү аземине Россия президенти Владимир Путин чакырылган эмес. Чакырылгандар тизмесинде Казакстан жок экени айтылууда. Ошондой эле ал тизмеде Кыргызстан да байкалбайт.
Жалпысынан ант берүү аземине 60тай өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Литва, Латвия, Венгрия, Эстония, Грузия президенттери, Түркия вице-президенти, Азербайжан парламентинин төрагасы, башка өлкөлөрдүн вице-премьер-министр, министрлери катышат. Украинанын башкы колдоочусу Кошмо Штаттардан энергетика министри болот.
Зеленский кызматка киришкенден кийин Украина парламенти-Жогорку Раданы таратып жиберүү ыктымалдыгы айтылууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Зеленский партиясы жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экени болжонууда. Мыйзам боюнча Украина парламентине шайлоо быйыл күзүндө болууга тийиш