Четверг, 9 мая

Сауд Арабия менен АКШ машыгуу өткөрдү

0

Сауд Арабия менен АКШ биргелешкен аскердик аба машыгуусун өткөрүштү.

Сауд Арабиянын Коргоо министрлигинин Твиттер барагынан берилген маалыматка караганда, машыгуунун «аскердик даярдык дареметин көтөрүүнү» максат кылганы белгиленди.

АКШнын Аба күчтөрүнө таандык узак аралыкка учуучу стратегиялык бомбалоочу B-1 Lancer жана F15 согуштук учактары да орун алган машыгууда, атуу тилкесиндеги симуляциялык буталарды жок кылуу үчүн чыныгы ок-дарылар колдонулду.

Сауд Арабияда 30-майда да Перс булуңундагы кызматташтык кеңешинин өлкөлөрү менен АКШ тарабынан «Бүркүттүн чечкиндүүлүгү 23» аттуу биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүлгөн.

2022-жылдын март айында да АКШнын Перс булуңундагы «Бүркүттүн чечкиндүүлүгү 22» аттуу аскердик машыгуусу болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз