Суббота, 4 мая

Бишкекте жаңы сквер ачылды

0

Бишкектеги Ленин районунда жаңы сквер ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сквер Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, жалпы аянты 0,972 гектерды түзөт.

Жаңы аянт волейбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат столу менен жабдылган. Аянтчанын периметри боюнча ирригациялык система жана жарыктандыруу орнотулуп, аянтка брусчатка төшөлүп, спектаклдер үчүн сахна орнотулуп, бак-дарактар отургузулган.

Бүгүнкү күндө аянттын аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер бүткөрүлүп, объектти кабыл алуу жана эксплуатациялоочу уюмдун балансына өткөрүү боюнча документтер түзүлүүдө.

Курулуш иштерин «БМ Ассист» жоопкерчилиги чектелген подрядчы уюму жүргүзгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз