Воскресенье, 28 апреля

Садыр Жапаров Токаевге көңүл айтты

0

Президент Садыр Жапаров Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевге токой өртүнөн 14 кишинин көз жумушуна байланыштуу көңүл айтканын маалымат кызматы кабарлады.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз