Вторник, 7 мая

Бишкекте биолаборатория курулат

0

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын территориясына инсулин жана дары-дармек чыгарган завод курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «BIOPHARMAX» компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда КР министрлер кабинети тарабынан жер бөлүнүп берилди.

“Бүгүнкү күндө биз курулушту баштоого даярбыз. Долбоор эл аралык стандартка туура келген кампанын курулушу менен башталат. Мындай кампа Кыргызстанда биринчи жолу болмокчу жана заманбап курулуп, иши роботтоштурулат. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрден ашык болмокчу”, — деди ал.

Ошондой эле Сагынбаев бир канча биолаборатория жана дары-дармек чыгаруу боюнча негизги завод куруларын белгиледи.

“Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн АКШ долларын, ал эми долбоор ишке ашырылгандан кийин 1 миңден ашык жумуш орду түзүлмөкчү”, — деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде “BIOPHARMAX” башкы директору жана тең кожоюну Сарел Хен-Тов компаниянын милдети Кыргызстанга жогорку технологияларды алып келүү экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз