Суббота, 18 апреля

Футбол: Бишкектин кээ бир көчөлөрү убактылуу жабык болот. Тизме

0

Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн саат 16:00дөн тарта жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициясы кабарлады.

Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Иран футболдук мелдеши өтөт. Оюндун концерттик программасы саат 20:00дө, ал эми футболдук беттеш андан бир саат өткөн соң, 21:00дө башталмакчы.

Жергиликтүү футболчулар борбор азиялык CAFA турниринин финалына чыгуу үчүн таймашат.

Саат 16:00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Футболдук таймаш учурунда коомдук тартиптин сакталышына эки миңге чукул милиционер көзөмөл кылат. Шаардык тартип сакчылар күйөрмандарды бейбаштык кылбоого жана стадионго тыюу салынган же кооптуу буюмдарды алып кирбөөгө чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз