Пятница, 3 мая

Балдарды мектепке электрондук каттоо уланууда

0

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 14-июнуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 73 миң 210 бала кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен 1 миң 564 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

• Бишкек шаарында – 6 миң 719 бала (анын ичинен 501 бала жеңилдик менен) кабыл алынды;
• Жалал-Абад облусунда – 14 миң 989 (анын 235и жеңилдик менен);
• Чүй облусунда – 6 миң 316 (235и жеңилдик менен);
• Ош облусунда – 15 миң 301 (анын 177си жеңилдик менен);
• Ысык-Көл облусунда – 6 миң 744 (анын 67си жеңилдик менен);
• Баткен облусунда – 8 миң 391 (анын 145и жеңилдик менен);
• Талас облусунда – 3 миң 754 (анын 54ү жеңилдик менен);
• Нарын облусунда – 4 миң 140 (анын 46сы жеңилдик менен);
• Ош шаарында – 2 миң 156 (анын 143ү жеңилдик менен).

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт – https://mektep.edu.gov.kg/

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз