Пятница, 17 мая

Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт

0

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 21-июндан тарта газ өчөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

«Бишкекгаз» абоненттерди Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндө жайгашкан жаңы газ түтүгүнө туташтырат. Буга байланыштуу ушул аймакта жашаган тургундардын көгүлтүр оту өчүрүлөт.

«Газпром» ишти төрт этап менен өткөрүүнү пландап жатат. Ар бири бүткөндө абоненттер кезеги менен газга кошулат. Иш толугу менен 9-июлда бүтөт. Газ кызматы процессти тездетүүгө аракет жасайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз