Воскресенье, 19 мая

Кемпир-Абад иши: Активисттер дагы 2 ай камакта калтырылды

0

Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы, активисттердин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, алар 15-августка чейин камакта болот.

Ошол эле учурда жарандык активист Перизат Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалганын билдирди. Анын айтымында, отурум жабык өтөт.

Эске сала кетсек, былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Бүгүнкү күндө кармалган 27 кишинин 16сы абакта. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз