Пятница, 17 мая

Көлдөгү пляждардын тосмолорунун дээрлик 90 пайызы алынды

0

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кум жээктердеги тосмолордун 90 пайызы алынды.

Белгилесек, Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизүүгө кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган. Ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз