Пятница, 17 мая

Франциядагы окуялардын түбүндө колониализм турабы?

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Францияда полициянын алжир тектүү бир жашты өлтүрүшүнөн кийин башталган нааразылык акцияларынын негизги себеби мурдагы колониализм экенин айтты.  Эрдоган:«Франциядагы окуялардын түбүндө колониализм турат», — деди.

Францияда өткөн жумада полициянын Алжир тектүү бир жашты өлтүргөндөн кийин башталган нааразылык акцияларынын тамырында колонизаторлук бар экенин айткан Эрдоган: «Зордук-зомбулук зомбулукту жаратып, бүгүнкү окуяларга түрткү болду. Тарых бою болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да шамал сепкендер бороон-чапкын оруп жатышат», — деп кошумчалады.

«Биз тынчсыздануу менен кабылган акыркы окуялар дагы көп кан төгүлбөстөн, зордук-зомбулук дагы көп күчөбөстөн мүмкүн болушунча тезирээк бүтөт деп үмүттөнөбүз», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз