Вторник, 30 апреля

Кыргызстанда акча алмаштыруу жайлары жоюлабы?

0

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Улуттук банктын финансылык мекемелери жана лицензия берген объектилеринин тизмесинен акча алмаштыруучу жайларды алып салууну сунуштап жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын ачууга тыюу салынат.

Депутат «Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду демилгеледи.

Анын айтымында, демилгенин себептери төмөнкүдөй:

  • акча алмаштыруу жайлары ар дайым мыйзамдарды бузуп келишет, көмүскө акчанын көлөмү отчетто көрсөтүлгөндөн он эсе ашат;
  • аз салык төлөшөт (2019-жылы 37 млн сом патент түрүндө төлөнгөн);
  • пандемия учурунда долларга негизсиз алмашуу курстарын жайгаштырып, жасалма ызы-чууну жана чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жогорулашын шарттады.

Буга байланыштуу депутат акча алмаштыруу жайларын Улуттук банктын лицензия берген жана көзөмөлгө алган субъектилеринин катарынан чыгарып салууну сунуштоодо.

Учурда документ коомдук талкууда турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз