Понедельник, 6 мая

Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамы ачылат

0

Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамын 14-июлда ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттамдар Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы аркылуу жумасына 1 жолу — жума күндөрү аткарылат.

Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылса болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз