Вторник, 21 мая

“Мегаком” сатыкка коюлду

0

Mega соода маркасындагы (мурдагы MegaCom) «Альфа Телеком» жабык акционердик коому аукционго коюлду. Бул туурасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Эми “Меганын” 8 700 100 акциясын, 100% мамлекеттик пакетин сатуу алууну каалагандар электрондук аукционго катыша алат.

«Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакетинин баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомду түзөт.

Электрондук аукциондун кадамы – 200 000 000 (эки жүз миллион) сом.

Арыздарды кабыл алуу бүгүн – 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталды. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз