Воскресенье, 19 мая

Ооганстанда сулуулук салонун иштетүүгө тыюу салынды

0

Ооганстанда талибдер сулуулук салондорун жабууга буйрук берди. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Өлкөнүн адеп-ахлаксыздыкты алдын алуу жана жайылтуу министрлигинин өкүлү Мохаммад Садык Акиф:»Аялдар үчүн сулуулук салондорун жабуунун мөөнөтү бир ай» -деди.

Эске сала кетсек, учурдагы Талибан кыймылы бийликке 2021-жылы келген. 2022-жылы талибдер көпчүлүк кыздардын орто мектептерин жапты, аялдарга университеттерде билим алуусуна тыюу салышты. Ошондой эле аялдардын коомдук жайларга, башкача айтканда мончолорго, спорт залдарына, сейил бактарына баруусуна тыюу салган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз