Понедельник, 6 мая

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдарын көбөйтүү пландалууда

0

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.

«Манас» ААКсы аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз