Суббота, 4 мая

Москвадагы сабалган таксисттин иши боюнча элчилик үн катты

0

Москвада кыргызстандык таксист жүргүнчүсү тарабынан сабалган. Бул туурасында жабырлануучу блогерлер менен болгон сүйлөшүүсүндө айткан.

Шамил Муратов жүргүнчүлөрүнөн унаанын ичинде сыра ичпөөнү суранган. Буга алдыңкы орундукта отурган киши ачууланып, кол көтөрүп, бир нече жолу муштумдаган.

Окуя 18-июнда Хохлов тар көчөсүндө болгон. Жүргүнчүсү кол көтөргөндөн кийин Муратов дарыгерлерге кайрылган, адистер ага корутунду чыгарып беришкен. Андан кийин полицияга арыз жазган, бирок укук коргоочулар арызды кабыл алуудан баш тартышкан.

Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында кыргыз жаранынын жашаган жерин аныктоо боюнча чараларды көргөн.

«Учурда элчилик жабыркаган мекендеш менен байланышта. Ага бардык зарыл болгон юридикалык жардамдар көрсөтүлөт»,- дешет элчиликтен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз