Саламаттык сактоо министрлиги гепатиттин В жана С түрлөрүн дарылоо процессиндеги акысыз көрсөтүлө турган кызматтарды тизмектеди.
Маалыматта айтылгандай, бул үчүн бейтаптар жалпы дарыгерлик практика борборлоруна же жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна гепатитти дарылоо маселелери боюнча жооптуу дарыгерге кайрылышы керек.
Акысыз кызматтар:
дарыгерлердин кеңеши;
вируска каршы препараттар менен камсыз кылуу (дары-дармек берүү, бул дарыгердин көрсөтмөсү боюнча ай сайын жүргүзүлөт);
базалык изилдөөлөр (клиникалык жана биохимиялык параметрлер, маркерлер жана ПЦР ыкмалары менен);
лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (боорду ультраүндүү изилдөө, Фиброскан, МРТ жана башкалар бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт)
Суроолор болсо Вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборго кайрылуу сунушталат.