Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күн жүрүүгө уруксат берүү каралууда

0

Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралууда. Өлкө премьер-министринин тийиштүү токтомунун долбоору жарыяланды.

Учурда Кыргызстандын жарандары Казакстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алат. Жаңы документ күчүнө кирсе мөөнөт 90 күнгө чейин узармакчы.

Токтом долбоордун негиздемесинде мындай өзгөртүүлөр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени бекемдөөгө жана КР жарандарынын коңшу өлкөдө жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болору жазылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз