Суббота, 27 апреля

Дүйнөдө денге ысытмасы жайылууда

0

Бангладеште денге ысытмасынан каза болгондордун саны 300дөн ашты. Бангладештин Саламаттыкты сактоо кызматынын башкы башкармалыгы (DGHS) денге ысытмасынан каза болгондордун саны 303кө жеткенин жарыялады.

Бул оорудан улам каза болгондордун санынын ушул күнгө чейин эң жогорку көрсөткүч катталган 2000-жылдагы эпидемиядан ашып кеткени, учурда денге ысытмасынан 63 миң 968 кишинин ооруканаларда дарыланып жатканы белгиленди.

DGHS маалыматтарына ылайык, каза болгондордун 241и борбор калаа Даккада катталды.

Адистер бейтаптардын жана өлүмдөрдүн декабрга чейин улана турганын белгилеп, теманын азыр өзгөчө кырдаалга айланганын эскертишти.

Тропикалык жана субтропикалык аймактарда кездешүүчү денге безгегинин вирусу чиркейлер аркылуу адамдарга жугат. Негизинен инкубациялык мезгилден кийин жеңил температурага алып келген оору кээ бир учурларда өлүмгө себеп болушу мүмкүн.

Окумуштуулар жогорку температура жана узакка созулган жамгырлардын безгек жана денге ысытмаларын алып жүрүүчү чиркейлердин көбөйүшүнө себеп болуп жатканын эскертишүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз