Четверг, 9 мая

Чуӊкурчакта “Kымыз-FEST – 2023” өттү (Фото)

0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өттү. Этнофестивалдын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер, чыгармачыл инсандардын театралдаштырылган концерти тартууланды.

Кароо-сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ар аймактан келген жүздөгөн мейман катышты.

Фестивалдын максаты — кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ошондой эле, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз