Понедельник, 13 мая

Баткен өрүгү Чолпон-Атада сатылууда (Фото)

0

Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркында Баткен өрүгүн саткан жай ачылды. «Баткен берекеси «чатырында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүктөр сатылууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган жайды уюштуруунун максаты — Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат.

«Бул иш аракет президенттин Баткен жана Ысык-Көл облусундагы өкүлдөрү Абдикарим Алимбаевдин, Илияз Иманбетовдун жана Чолпон-Ата шаарынын мэринин макулдашуусунун алкагында ишке ашты», — деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз