Воскресенье, 28 апреля

Украина СССРдин элесинен кутулууда

0

Киевдин борборундагы монументтеги калканга СССРдин гербинин ордуна Украинанын расмий символу болгон үчүлүк айры орнотолду.

“Мекен-эне” («Родина-мать») монументине Украинанын гербин 5-августта орното башташкан. Анда үчүлүк айры 24 метрге чейин көтөрүлгөн. Гербди алмаштыруу иштери июлдун аягында башталган.

Монумент Украинанын Улуттук тырыхый музейинин аймагында жайгашкан. Ал 1981-жылы тургузулуп, Европадагы эң бийик скульптура деп эсептелет. Монументтин аталышын “Украина-эне” деп өзгөртүү пландалууда. СССРдин герби музейге жөнөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз