Четверг, 9 мая

Кыргызстанда да жолдорго буферлер орнотула баштады

0

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн кан жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотула баштаганын кабарлады. Ушул тушта Бишкек-Кара-Балта жолуна 50 даана, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 даана коюлуп жатканын билдирди.

«Соккуга каршы буферлер жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо үчүн орнотулууда. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 кг жетет. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түстө болот, түнкүсүн дагы алыстан көрүнөт. Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул машинага келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат», -деп жазылган маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз