Суббота, 27 апреля

Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен машыгуу өткөрдү

0

Казакстан менен Өзбекстандын аскердик бөлүктөрү террордук элементтерге каршы биргелешкен машыгуу өткөрүштү.

Казакстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, эки өлкөнүн ортосунда “Канжар-2023” атайын операциясынын экинчи этабы өттү.

Казакстандын Мангистау облусунун чек арасында өткөрүлгөн машыгууга эки өлкөнүн коргоо министрлери күбө болушту.

Машыгуунун сценарийине ылайык, казак жана өзбек аскер бөлүктөрү аймактагы эл аралык террордук уюмдун элементтерине каршы биргелешкен операция жүргүзүштү.

Борбор Азиядагы аскердик коопсуздукту камсыз кылууну максат кылган машыгууда Ми-8, МИ-35 тик учактары, СУ-30СМ учактары жана Skylark 1LEX учкучсуз учуучу аппараттар менен бирге көптөгөн жөө аскерлердин согуштук унаалары, артиллериялык жана зениттик системалар колдонулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз