Кыргызстанда сууга чөгүп каза тапкандардын саны арбын. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 95 өлүм катталды, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 72 болгон.
95 кишинин 76сы — жайкы сезон башталгандан тартып каза болгондор. Көз жумгандардын көбү эркектер (95тин 47си) жана 12 жашка чейинки курактагы балдар (95тин 36сы).
Былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон. 2021-жылы 128, ал эми 2020-жылы 82 өлүм катталган.