Воскресенье, 24 ноября

Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы компьютерлерди сатып алат

0

Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы персоналдык компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Талап кылынган техниканын саны көрсөтүлгөн эмес. Белгиленгендей, келишим түзүлгөндөн кийин жеткирүү 40 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.

Потенциалдуу жеткирүүчүлөр милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык салыктарды жана жыйымдарды, пошлина жана башка чыгымдарды эске алуу менен бааларды көрсөтүшү керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз