Пятница, 3 мая

Окуучулар жыл сайын класстан класска көчүрүлүүдө кыргыз тилинен экзамен тапшырат

0

Окуучулар жыл сайын жогорку класска көчүп жатканда кыргыз тилинен экзамен тапшырат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 1-класстан баштап 11-класстын окуучуларына чейин тиешелүү.

Жылдыз Орозобекова “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесине таянып милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү, бүтүрүү экзамендери киргизилерин айтты. Ал эми кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу, ошондой эле бүтүрүү учурунда мамлекеттик тилди канчалык билери текшерилет.

Белгилей кетсек, мындай норма эски мыйзамда дагы бар эле. Бирок көпчүлүк учурда аткарылбай келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз