Четверг, 9 мая

«Кең-Булуң» бекетинде да унаалар тыгыны пайда болду

0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң» өткөрмө бекетинде да жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болуп, 146 автоунаа Казакстанга кире албай турат. Бул тууралуу 23-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир «Ак-Тилек» бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 493гө жетти. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.

Кыргызстандын өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Чүй облусундагы «Ак-Тилек» бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз