Пятница, 22 ноября

Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт

0

Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Аталган иш-чара улуттук кинонун кадыр-баркын жогорулатуу, ата мекендик мыкты кинокартиналарды жайылтуу, кинематографисттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулууда. Кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Маданий иш-чаранын программасында эл аралык жана улуттук кино сынагы, атайын көрсөтүүлөр, кинодолбоорлор питчинги камтылган.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Арасында Ч.Айтматов атындагы “Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн” сыйлыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн Калыстар тобунун сыйлыгы, NETPAC Калыстар тобунун байгеси, КР Кинематографисттер союзунун сыйлыктары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз