Түркэгейдин үч кооз аралдары Гөкчеада, Бозжаада жана Жунда кылымдар бою Эгей деңизинин байлыгы менен меймандарды тосуп келет. Аралдардагы өзгөчө күндөр саякатчылар үчүн таш үйлөрдө эртең мененки даамдуу түрк тамактарынан даам сызуу менен башталып, жагымдуу пляждарда сүзүү жана укмуштуудай салттуу таверналарда кечки тамактануу менен аяктайт. Дасторкондор түркэгейдин кылымдардан берки рецепттери менен толтурулуп, адегенде мезелер берилет; тагыраагы аралдардын атактуу деңиз азыктары дасторкондун көркүн ачат. Саякат үчүн бул аралдардын кайсынысы эң ылайыктуу? Бул жерде сизге чечим чыгарууга жардам бере турган кеңештер бар.
Бозжаада: Шаардан качкандар үчүн бейпил бейиш
Бозжаада Чанаккале жээгинде жайгашкан Эгейдин жакшы сакталган асыл ташы. Мифологиялык тексттерде Тенедос деп аталган Бозжаада тунук суулары, жүзүмзарлары жана шараптары менен өзгөчөлөнөт. Гейикли пристанынан чыккан паромдор менен оңой жетүүгө мүмкүн болгон аралга келгенде биринчи көрүлгөн жер Бозжаада сепили. Сиз бул сепилге барып, укмуштуудай аралдын пейзажын сүрөткө тарта аласыз. Аралдагы көрүүгө тийиш болгон башка жерлер Бозжаада музейи, Аязма монастыры, шамал тегирмендери жана Бүбү Мариям чиркөөсү. Жай мезгилинде аралга барсаңыз, Эгей деңизинин жаркыраган толкундарына күбө болосуз. Аязма жана Аквариум Бэй пляждары аралдагы эң популярдуу сүзүү жерлеринин сап башында турат. Бозжаада ошондой эле саякатчыларга ачык чөйрөдө кеңири иш-чараларды сунуштайт. Чайыр пляжында виндсерфинг менен деңизден жана шамалдан ырахат алсаңыз болот, мындан тышкары суу астындагы укмуштуу жашоону да өз көзүңүз менен көрө аласыз. Бозжаадага барганда аралдын эң батыш четинде жайгашкан Поленте маякына жана шамал тегирмендерине да барууну унутпаңыз. Күндүн батышын көрүп, Бозжааданын атактуу шараптарынан ырахат алуу сизге унутулгус эмоцияларды тартуулайт. Аны менен катар Бозжаада жүзүмзарлары жана 3000 жылдык байыркы шарап жасоо салттары менен уникалдуу жүзүмзардык маршруттарды сунуштайт. Бозжаада жүзүмзар жолунда сиз шарап заводдорун кыдырып, аралдын төрт эндемикалык жүзүм сортторунан шарап татып көрө аласыз. Ошондой эле, арал жыл сайын сентябрдын биринчи жумаларында жүзүмзар фестивалын өткөрөт.
Дүйнөдөгү алгачкы жана жалгыз “Cittaslow” аралы: Гөкчеада
Түндүк Эгейдеги Гөкчеада, Галлиполи жарым аралынын жээгинде, нукура айылдары, жылуу шамалдары, дөңсөөлөрдү кыдырып жүргөн эчкилери, таза деңизи жана узун пляждары менен өзгөчөлөнүп турат. Бул өзгөчөлүктөрдүн арты менен арал 2011-жылдан бери дүйнөнүн биринчи жана жалгыз “Cittaslow” аралы болуп эсептелинет. Түркиянын эң тунук жана өзгөчө пляждары бар жерлердин бири болгон Гөкчеада өзүнүн узун пляждары жана бирюза суулары менен дайвинг, сёрфинг жана сүзүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Аралда 300 күн бою виндсерфинг үчүн бардык идеалдуу шарттар бар экенин билгенде жыл сайын миңдеген серферлердин эмне үчүн Гөкчеадага барарын түшүнөсүз. Гөкчеададагы 1200 метрлик жээги жана алтын куму бар Айдынжык пляжында сүзүп, шамал серфинг жасай аласыз.
Гизли Лиман, Лаз булуңу, Йылдыз булуңу жана Мави (көк) булуңу аралдагы мыкты пляждар болуп саналат. Гөкчеада уникалдуу жашоо образын бейпилдик менен айкалыштырат жана архитектурасы, ашканасы менен да белгилүү. Аралдагы эң кооз айылдар Калекөй, Зейтинли, Тепекөй, Бадемли жана Дерекөй кылымдарды карыткан бак-дарактары, дөңсөөлөрү жана накта таш үйлөрү менен зыяратчыларды таң калтырып келүүдө. Мындан тышкары, айылдардын мейманканалары, кафелери жана ресторандары катары иштеген жаңыланган таш имараттар да эс алуучулар барууга татыктуу жерлердин бири.
Түркэгейдеги жомок: Жунда
Түндүк Эгейде бардык мезгилде кооз болгон Жунда аралы Али Бей аралы аты менен да белгилүү. Жундага кыска көпүрө аркылуу материкке туташуу мүмкүнчүлүгү бар. Таксиярхис чиркөөсү аралда сөзсүз көрүлүшү керек болгон аттракцион. 2011-жылы реставрациялангандан кийин, 1873-жылы курулган неоклассикалык чиркөө өзүнүн алгачкы кооздугуна ээ болду: Бүгүнкү күндө имарат Айвалык Рахми М. Коч музейи катары иштейт. Ашыктар дөңсөөсүнүн көрүнүшүн көрүү, брусчаткалуу көчөлөрдү кыдырып чыккандан кийин таш үйлөрдүн короолорунда кунда даамдарын татып, аралдын атактуу таза сууларында (Аквариум же Жашыл булуң) сүзүү жана бүткүл дүйнөнү боёгон түстүү күндүн батышын көрүү саякатчыларга өзгөчө маанай тартуулайт. Кунда өзүнүн даамдуу мезелери жана чөптөр менен даярдалган салаттары менен белгилүү, ошондуктан сиз бул аралда Эгей деңизиндеги эң мыкты тамактарды жана мезелерди татып көрө аласыз. Деңиз жээгинде күндүн батышын көрүп жатып, аралдын самфир (Deniz börülcesi) жана артишок сыяктуу зайтун майынан жасалган тамактарын татып көрүүнү унутпаңыз. Ошондой эле, Кундага болгон сапарыңызда аралдын өзгөчө балыгы болгон папалинаны татып көрүүнү да сунуштайбыз.