Нигериянын Замфара штатында 11 — августта жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска жасалган куралдуу кол салууда барымтага алынган 8 студент үчүн кун талап кылынды.
Улуттук маалымат каражаттарынын жазганына караганда, уурдалган студенттердин биринин атасы телефон чалган адамдардын ар бир студент үчүн 4 миллион наира (болжол менен 5200 доллар) төлөп берүүнү талап кылып, эгер кун төлөнбөсө студенттерди өлтүрүү коркутушканын билдирди.
Бир тараптан армия уурдалган студенттерди куткаруу үчүн операцияларын улантып жаткандыгын жарыялады.
11 — августта Аква Ибом штатынан Сокото штатына бараткан университет студенттерин ташыган автобуска куралчан кишилер кол салып, сегиз студент барымтага алынган.