Вторник, 14 мая

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды

0

Ош облусундагы «Төлөйкөн» ат майданында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге 6 команда катышууда.

Бүгүн «Биримдик» (Жалал-Абад) — «Кара-Суу» командалары беттешип, 5:4 эсебинде «Кара-Суу» командасынын жеңиши менен аяктады.

Эртең, 29-августта «Достук»-«Ынтымак», «Жаштык»-«Мурас» командалары ат салышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз