Воскресенье, 28 апреля

Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланууда

0

Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта ӨКМ суучулдары тарабынан Кара-Ой, Чок-Тал айылдарындагы эс алуу жайларында көл түбү тазаланууда.

Белгиленгендей, 133 күн (26-августка чейин) ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянты тазаланып, көл түбүнөн 98 миң метр балык уулоочу тор, 12 тонна 800 кг таштанды чыгарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз