Воскресенье, 28 апреля

Бишкекте «Барселона» легендалары» менен «Азия легендалары» беттешти (Видео)

0

Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 30-августта «Барселона» легендалары» менен «Азия легендалары» ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттеш өттү.

«Барселона» легендалары» менен курамында Мамлекет башчысы болгон «Азия легендалары» ортосундагы оюн Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Президент Садыр Жапаров жолдоштук беттештин биринчи таймында ойноду.

Матч «Барселона легендаларынын» 3:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

Эске салсак оюн Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи «Барселона» академиясынын ачылышынын алкагында өттү.

Беттеште «Барселона» футбол клубунун Президенти Жоан Лапорта да болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз