Суббота, 27 апреля

Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 32 жыл толду

0

Бүгүн, 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Быйыл өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгондугубуздун 32 жылдыгы белгиленүүдө.
1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация” жөнүндөгү токтом кабыл алынган. Бул саясий документке ылайык, Кыргызстан суверендүү, демократиялуу мамлекет деп жарыяланган.

Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болуп жарыяланышын БУУ баш болгон бир топ эл аралык уюмдар жана жакынкы, алыскы мамлекеттер таанып, өз өкүлчүлүктөрүн жана элчиликтерин ачышкан. Ошол эле учурда Кыргызстан да бир нече мамлекеттерде элчиликтерин жана эл аралык уюмдарда өкүлчүлүктөрүн ачууга жетишип, бүгүнкү күндө алар менен тең укуктуу саясат жана соода-экономикалык мамилелерди, кызматташтыктын баардык түрлөрүн жүргүзүп келүүдө.

Кыргызстан ШКУ, КМШ сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы бүгүн республиканын бардык аймактарында театралдаштырылган оюн-зооктор, маданий, спорттук иш-чаралар менен белгиленет.

Эң негизги майрамдык иш-чаралар быйыл Ош шаарында уюштурулууда. Өлкө жетекчилиги да Ош шаарындагы расмий программага катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз