Суббота, 4 мая

Быйыл Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ош шаарында белгиленди

0

Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата дрондордун шоусу өттү. Жергиликтүү тургундар аны шаардын ар кайсы бөлүктөрүнөн көрө алышты.

Асманга көтөрүлгөн учкучсуз аппараттар Манас баатырдын, кербендин, бүркүттүн кыймылдуу элестерин шаардыктарга жана конокторго тартуулады. Адистердин кесипкөйлүгү менен мыкты уюштурулган бул шоу Ош шаарындагы майрамдык гала-концерттин алкагында борбордук аянтта өттү. Андан кийин театрлаштырылган номерлер тартууланды.

Эске салсак, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ош шаарында масштабдуу түрдө өттү. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик башындагы аткаминерлер — министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү катышты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз