Пятница, 20 сентября

Равшан Жээнбеков түрмөдө кыйноого кабылганын айтты

0

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кыйноого кабылып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчыга институтуна, укук коргоочуларга кайрылып мындай деген:

— Эл аралык укук коргоо уюмдарына
— Кыйноолорго каршы улуттук борборго
— Омбудсменге
— Укук коргоочуларга
Мага карата УКМКнын көрсөтмөсү менен түрмөдө кыйноо жана куугунтук уюштурушууда. 5 күндөн бери күнүгө тинтүү болуп, эч мыйзамсыз буюм таба албай, бүгүн СИЗО 1дин кызматчылары сыз деңгээли өтө жогору, муздак, эч кандай шарты жок камерага камашты.
Менин сыз, муздак камерага жатууга ден-соолугум жол бербейт деп айтканыма карабастан жарым подвал 1-кабатка которушту. Түрмөдөгү медкартамда ден-соолугумдун (боор, бөйрөк ооруу) туура келбеси көрсөтүлгөн.
Түрмөгө камалганы мени кана, жалгыз төртүнчү жолу башка башка камераларга которуп, атайылап кыйноого алышууда.
Бул кыйноону тергөө абагынын жетекчилери УКМКнын буйругу менен жасап атышкандарын билип эле турам.
С.Жапаров менен К.Ташиев менин үй-бүлөө мүчөлөрүмдү, жакындарымды, досторумду камап, куугунтуктап бүтүшүп, эми мени атайылап оорутуп өлтүрүү үчүн ден-соолугума туура келбеген, сыз муздак камерага камашты.
Катынын аягында Равшан Жээнбеков өзүн Садыр Жапаровтун оппоненти, саясий туткун деп сыпаттаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз