Пятница, 20 сентября

Адахан Мадумаров камалды

0

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирген. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу.

Мадумаровду бүгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз